бедөө

китептерде 11 жолу, 3 китепте
  1. Чөлдө жашашкан, көчмөн араб урууларынын жалпы аталышы.
  2. Бедөөлөр – чөлдүк көчмөн арабдар өстүрүшкөн жылкынын өзгөчө тукуму. Ал жылкылар чыдамдуулугу, күлүктүүгү, сымбаты менен айырмаланып, мыкты күлүк катары жогору бааланган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир тогуздан тон берип, / Бирден бедөө ат берип, / Азык-түлүк бышыртып, / Ак куржунга бекитип, / Баары дайар болгондо, / Бирден бирден карматып, / Орунбай турду муну айтып: / — Сиздерге белги ок бер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Жамбыны атып ким алса, / Жамбыга кошуп алары / Тогуз атан комдуу төө, / Тогуз бедөө жакшы ат, / Тогуз ичик булгундан, / Топо жукпас кулпунган, / Жүз сарыпай чапан бар, / Жамбы байге утуп кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Азабынан асылы, / Артык экен Манас” — деп, / Күн алтыга жеткенде, / Элчилер кайта кетерде, / Алты бедөө ат берди, / Алтымыш торко тон берди, / Айактай мөөр басылган, / Колдоруна кат берди, / Элчилер эми кайт деди, / Баары көрө билгенин, / Айтуучу ушул кат деди, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ей бирөөнө: / — Жериңе балдар, — деп, / Чаң Бейжинди аралап, / Көөнүңдү ачкын анда — деп, / Кырк күндүк берди мөөнөттү, / Бүткөндө келгин кайра — деп, / Бирден бедөө ат берип, / Бир сыйра темир тон берип, / Бирден чатыр да берип, / Жоо жарагын бүт берип, / Балдарды жумшап жиберип: / “Соорандыктын Алмамбет, / Өз жанына каста… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошол малдын баарысы, / Жетисууга барыптыр, / Кадырын билген киши жок, / Көп бедөөлөр карыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →