бедерлүү
- Оймо-чиймелүү, кооздолгон, наар түшүрүлгөн, бедери бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Айтып болуп узатты, / Алтыкеге бар кебин, / Бетпактын аркы бетинен, / Бедерлүү шордун четинен, / Аттанып чыкты Алтыке, / Түн ортосу кез менен, / Ылгап минген Коңурсур, / — Карманаптын иниси, / Карадөөнүн аты бул, / Арып-чарчап калбаган, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…агын таптырып, / Садагасын кактырып, / Казыначы куу жигит, / Кашына Манас чакырып, / Чоң куржунун ачтырып, / Кырк миң кызыл алтынды, / Кымбаты үчүн чачтырып, / Бедерлүү тонун кийгизип, / Кан экенин билгизип, / Дүрүйө менен карала, / Түрлөнгөн бойун кийгизип, / Такасы карыш нөкөрү, / Айагына илгизип, / Арстан Манас баатырдын, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Белек берген чоң дүрбү, / Бедерлүү алтын ак дүрбү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →