бедер2
- Кылыч Калыңдыгы бир эли, Кара курчтан бедери, Кайкы келген учу бар («Манас»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орунбайдан кеп угуп, / Окту алды колуна, / Көзү түшүп Орунбай, / Бекбача тарткан жебенин, / Белгилүү бедер огуна: / — Жүргүлө, жүр — деди, / Мен Орунбай билгиле, / Бекбачанын так өзү, / Окту берген силерге, / Ичиңерге калтырбай, / Айтыпсыңар кептерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катын Көкөй каарданып, / Каарын төгүп бетине, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бой тумар чалыш кабы бар, / Сур жылан бедер жибектен, / Чалган боосу дагы бар, / Алты күндүк алысты, / Алты аркан бойу келтирген, / Абдан тиктеп караса, / Жүрөгүн таарып өлтүргөн, / Оозу өрттөй кызарган,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алды чубар жүндөрү, / Аркасы тынар бедери, / Ушул болот бүркүттүн, / Асыл дордок дегени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Талпынбай күндү бүркөсө, / Арка жүнү ак бедер, / Акшумкар турат колуңда, / Анын несин айтасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →