беде
- Үч ача жалбырактуу жылына бир нече жолу чабылып алынуучу, көп жылдык тоют өсүмдүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асмадан атын чечтирип, / Акырга беде салдырып, / Күрөң атты чалдырып, / Колу-жөгөн жуунуп, / Бекемдеп белин буунуп, / Жанга кылыч байланып, / Сынчыбектин үстүнө, / Күн чыга кирди шайланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жылтыркан менен кызгалдак, / Кашка беде, тарак баш, / Жыйылып төштө булаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кашка беде, кара чөп, / Аларга окшоп далай чөп, / Бел кырчоодон буралат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бедесине карасаң, / Ат боорунан жиреген, / Жарылып тулаң булаган, / Жылгадан суусу куйулган, / Жыттаса жыты бураган, / Өрүгү чирип көк болгон, / Өзөнү булак саз болгон, / Булагы менен көлүнө, / Өрдөк менен каз толгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тегереги тизеден беде.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →