баң
- Пробка атылып чыккандай же мылтыктын үнүндөй чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Турнабай салып караса, / Таластын эли жай жаткан, / Андан нары караса, / Желеги сары көп аскер, / Барабан согуп, баң тартып, / Бейабанды чаңдатып, / Мана минтип келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башын алсаң бааша сен, / Башын катса банаа сен, / Ийбелген жок баашага, / Күрмөөгө тили келбеди, / Шоорукта эми ал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн макул болуптур, / Ак кептер сызып көк менен, / Банур шаанын алдында, / Башын уруп туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Солтонун сөзүн бурчу эмес, / Карап каңгай турчу эмес, / Барабын уруп баң тартып, / Керней менен сурнайын, / Баш аламан чуулатып, / Так элүү миң аскерин, / Аттандырды чубатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →