баятан

китептерде 19 жолу
  1. Жанатан, бир аз убакыт алдыда, мурдатан, эртеден.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деди Ахмед өзү да баятан бери менин абалымда турган немедей. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол убакта «булар баятан бизди беришет деп турган го» деп ойлогон немедей, Жапарбектин жанындагы жигит бизге карай: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →