баянда
- Болгон окуянын жөн-жайын айтып түшүндүрүү, кабарлоо, кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
…калган жигитти тирилтип алганын, анан ошол тирилген жигит бул баланы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт бойдон баяндап өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →