баягыда

китептерде 15 жолу
  1. Мурда, бир кезде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Пристав — баягыда Карпыктын үйүнүн жанындагы топтун ичинен мен көргөн ачуулуу пристав. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мен да жарытып жумушка баспай жана баягыда «Кыргыздан солдат алат» деген кабар аскарлап алып, «эми заман кандай болор экен» деп, элдин санаасы бир жерге токтобой калтылдап турган убагы эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Замбирек үнүн мен баягыда Музарттын суусунда таанып калгамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал баягыда Кыргыз-Сайдын опекуну турган бир тунукелүү көк үйдө экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →