баягы

китептерде 204 жолу, 2 китепте
  1. Мурунку, өткөндөгү, мурдагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Баягы биз угуп жүргөн өлөң. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баягы кара башыл эчки! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →