бая

китептерде 33 жолу, 3 китепте
  1. Жанараак, мындан бир аз мурда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим жатып ой ойлоп: / “Жоодар айткан баякы, / Чойун кулак Кикимат, / Кайда кеткен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Урманбет бая бир тышка чыккан бойдон үйгө кирген эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып келейин! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Баякыларды аткардыңбы? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →