башчы

китептерде 59 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир топту, ишти башкарып, жетекчилик кылуучу, башкаруучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…де, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп жылмыйдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күн болжолу толгондо, / Эли аман болгондо, / Эр Кененим ошондо, / Бактыбайды бар, деди, / — Башчысы жок жесир журт, / Эри өлгөн катындай, / Бириңе бириң катышпай, / Өз элиңе кеткин деп, / Аны жолго сал, — деди, / Кененимге ошондо, / Бактыбайдын бир кеби: / — … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эми кылмак болду Каныкей, / Кыйла-кыйла жумушту, / Күндүн саны он толду, / Кырк чоронун башчысы, / Кырка айыл эл конду, / Алмамбет менен Чубакты, / Угуза турган күн болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн болгуча, / Ачкан оозун жумганча, / Корккон эмес чын ушул, / Коржоңдогон Канчоро / Оолугуп сүйлөп жиберип, / Алдындагы Каралат, / Ооздук тиштеп нидерип, / Ачууланса Канчоро, / Чөйчөктөй болуп көз жайнап, / Көпчүлүккө карата, / Күпүлдөп баатыр сөз баштап: / “Барыбыздын башчыбыз, / Баатырын турса коргондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Алардын башчысы солдаттын түндөгү жоругун угуп алып тишин кайрап ачуусу келип: «Ошону таанысаңар көрсөткүлө, азыр атып таштаймын! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →