баштык1
- Башчы, башкаруучу, жетекчи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баштыгы чыксын ханы, — деп, / Балбаны болсо дагы, — деп, / Белдүүсү чыксын эри, — деп, / Бешенеме жазганды, / Мен көрөйүн деги, — деп, / Бекер элге чуу салып, / Өлтүрбөйүн бул элди, / Түзгө чыксын мейли” – деп, / Карап турду Чигитей, / Кебелип койбойт апкаарып, / Аскери көп немедей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Коросон испан элдери, / Тирүү калган немеси, / Колбуй баары келгени, / Баштыгына кеп салып: / — Кененим бизди кет, деди, / Камчы сапча бир неме, / Кыргыздын эли албады, / Сиздер качып кеткенде, / Тургузбай бизди айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кастык кылган биздерге, / Канчоро менен Чачыкей – / Баштыгын кандай кыларбыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Карчыга чалды эмне үчүн чакыртканын билип, көздүн кабыгынан тигилген баштык берип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →