баштуу

китептерде 49 жолу, 8 китепте
  1. Башы бар.
  2. Үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү көп.
  3. өт. Тартиптүү, адептүү, тартипке баш ийген, иреттүү.
  4. өт. Акыл-эстүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулайматты жоготуп, / Балыкчыны хан шайлап, / Жети баштуу желмогуз, / Жолбун иттей аны айдап, / Өткөн экен Сейитим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Азаматтын ичине, / Ээр-токумдуу ат батат, / Бир катындын ичине, / Кара баштуу эр батат, / Эсиргенде ким болсо, / Оозуна келген кепти айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыргыз менен кас болуп, / Кырылып жатсак маминтип, / Алардан өлсө аттуудан, / Аты угулган баштуудан, / Алардын ага-иниси, / Сен үчүн муңгул өлдү, деп, / Изин кууп келбейби, / Күндө айылдан доо кетпей, / Эдепти эки бербейби. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Узартып кайдан турайын, / Айтып баргын ал–жайын, / Келер болсо тез келсин, / Аз келбесин, көп келсин, / Үрпөк баштуу туу келсин, / Жер айрылган чуу келсин / Бизге келчү Бадыкөл, / Агызып кетчү сел, дегин / Үй токтоткус жел, дегин, / Көңтөй менен Шооруктан, / Канча өйдө эр дегин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабар берген калкына / Аттуу баштуу жалпыга, / Миңден ашык эл келди, / Кары-жашы тең келди, / Чакыртып келди Керменбай, / Кептин жайын билгендин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →