баштоочу
- Жол көрсөтүүчү, башкарып алып жүрүүчү, жетекчилик кылуучу.
- Алгачкы баштаган, негиз салуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Ишимдин билдим оңдугун, / Айтканы-айткан болоорун, / Жат душмандын башына, / Арылгыс кайгы муң болсун, / Эртең айдын он беши, / Дүйнө бүткөн дүйшөмбү, / Иш баштоочу күн болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желигип калса кокустан, / Желбегей жолду баштоочу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Хандар келип олтурду, / Баштоочу уруш кернейди, / Бир тарапка койдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Элебес чанадан атын чыгарып, карга сорок-сорок сайылып төрөнүн жанына келгиче, ал бир жорук баштоочудай колун эптүүлөп, оңдонуп турду...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →