баштатан
- Мурдатан, башынан бери, мурунтан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кенебеген Кененим, / Көп экен деп шашпаган, / Мындай канча кошуунду, / Сапырып көнгөн баштатан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурунтан айтсаң элиңди, / Баштатан айтсаң жериңди, / Бирге барып чалгынга, / Толтурбайт белем кемиңди, - / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Абалтан айтсаң арзыңды, / Мурунтан айтсаң дартыңды, / Алпа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өө, / Азиз хандын Сошойа, / Окуп жүргөн алдында, / Соогасына берем, деп / Алма баш мылтык жасаган, / Өз өмүрүн кастаган, / Тирүү инсан баарысы, / Жаздым болгон баштатан, / Жаздым болбой неткени, / Өзү өмүрүн кастаган, / Ак шамшарды Сошойа, / Кошо алып кеткени, / Калмакка кытай кошулуп, / Азиз хандын Сошойа, / Атасынан көөнү оо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кишиден кабар жумшабай, / Түтүндөн белги жибериш, / Салты экен баштатан, / Коңурбайдын жерлиги ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Биздерге мурас болгон бейм, / Кыдырып келет баштатан, / Өз балам деп санабай, / Жоодой талап алыптыр, / Абыке, Көбөш, Жакып хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →