баштагыдай
- Мурункудай, мурдагыдай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карап турса хан Калдык, / Кызыл желек туу алып, / Аттанып чыкты Кетиркей, / Баштагыдай шалдайбай, / Шаттанып чыкты Кетиркей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Көрсөтөт бүгүн Чигитей, / Баштагыдай адатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алып калсам Калчаны, / Аламан койуп чуу тартып, / Аскеринин артынан, / Баштагыдай күч алып, / Аралап кирип барбаңар, / Аккан дайра сел болсо, / Адамсыз жапан чөл болсо, / Көкбука менен Жетилбай, / Айлана курчап тосуңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шур-шур тартып жыт алып, / Семетей жыты келгенде, / Баштагыдай күч алып, / Бөкчөйгөн бели түзөлүп: / — Мени алып баргыла, / Кайда экендир тапкыла, / Каныкейди көрөлүк, / Таап алып Канышты, / Айкөлүмдүн күмбөзүн, / Анан барып көрөлүк, / Айчүрөк кана, көргөзгүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирок чанда бир болбосо, элдин көбү бирдемеге алагды болуп тургандай, апийимден бөлөк жумушка баштагыдай баспайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →