баштагы
- Мурдагы, мурунку.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат, / Олтурса бир күн талаада, / Бузулду андан кол чубап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ташкент, Кокон, Маргалаң, / Кашкар, Котен, Кешмирди, / Көз каранды кылган дейт, / Түндүктөгү Каңгайды, / Түп көтөрө алган дейт, / Урумдагы Орусхан, / Баштагы өткөн хандардан, / Будагы кыргыз уругу, / Манас менен бир тууган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атынын изин кубалап, / Келиптир калмак тебелеп, / Баштагыдан беш бетер, / Калтырбаш эми чамынды: / — Какоолдун этин жегендей, / Кана мага дегендей, / Калбай баарың келесиң, / Хан Шыгайды тебелей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрдиги кайда жоголду, / Биле албай калды баштагы, / Алыңды, Тапак, билдим, деп / Башың жерге кирди, деп / Көрүп туруп көкжалың, / Тапактын алын белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайыпчал деми сууду эле, / Кайыпчалдын катыны, / Төрөбөй жүрүп нечен жыл, / Жана бирди тууду эле, / Атын койгон Көкмончок, / Чектен ашкан сулуу эле, / Баштагы болгон иштерди, / Кайып жандан укту эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →