башкы

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Алгачкы, эң биринчи, алдыңкы, баш жагындагы.
  2. Түпкү.
  3. Негизги.
  4. Кызмат абалы жагынан жогору башкаларга башчылык кылып, же тиешелүү кызматы боюнча башкаруу ишин жүргүзүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бастыргычы дайылдан, / Башкы боосу манаттан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кат жазып кагаз маа берсең, / Текести ээлеп алайын, / Ар жагы Текес, Кулжа бар, / Бер жагы Тоң, Ысыккөл, / Башкы жагы Музарттан, / Чыгыш жагың кош жылгаң, / Жапа жемиш түрдүүлөр, / Чыгат экен көп анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аргымак жипти бек тиштеп, / Кетенчиктеп жөнөдү, / Барган сайын өөдөлөп, / Башкы зоого жакындап, / Келе жатат чөйрөлөп, / Аскадан чыкпай шып этип, / Тартылбай аркан койгондо, / Туйагы менен бек басып, / Бере көр, кудай, деп басып, / Тиштеп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Башкы дардайган чоң ак үй менин таятамдыкы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мунун башкы эки жолу мага керексиз сыяктанат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →