башкача
- Бөлөкчө, өзгөчө, башка түрдө, мурдагыдай эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайылма деген бир катын, / Эбегейсиз башкача, / Өтө сулуу неме эле, / Базар ачып өзүнчө, / Баш байлабай кара бет, / Күн кечирип жүрчү эле, / Шаарга кирип Бекбача, / Башкарып элди турганда, / Ким билет деп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элине тилеп амандык, / Дабытай айтты ар кандай, / Ачакан менен Кесилет, / Башкача акыл айталбай, / Таң атырды кеп менен, / Чырым уйку алалбай, / Кыргыздардын Саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайра какпай найзасын, / Учунан кармап, бек силкип, / Алың канча деп силкип / Баатырлыгы Тапактын, / Башкача экен адамдан, / Тапан хандын элинде, / Таанымал чыккан бир балбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бул башкача бир шумдук!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →