башкасын

китептерде 23 жолу, 7 китепте
  1. Бөтөнсүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Угуп жүргөн укмуш да, / Моңгулдан өткөн Коңурбай, / Манжудан чыккан Дөдүр алп, / Азыркысы чоң Бодоң, / Дөдүр алптан кем эмес, / Бекбачадан башкасын, / Көзгө илер эр эмес, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Оморулчу тоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куржунга салып дарысын, / Койбой алып барысын, / Сүтүн артып Байматка, / Артынып өзү башкасын, / Бастырып кетти жол тартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өчүгүшүп урушуп, / Ач бөрүдөй жулушуп, / Бузулат элден ынтымак, / Кепке келип Куткарбас, / Катын-кызды таштасаң, / Куру кетпей томсоруп, / Ала кетсин башкасын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү мындан башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →