башкар1

китептерде 285 жолу, 9 китепте башкар 2 →
  1. Башчылык кылуу, жетекчилик кылуу, бийлик жүргүзүү.
  2. Баш-көз болуу, тартипке салуу.
  3. Тейлөө, машинаны, станокту ж. б. жүргүзө, иштете билүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Эл башкарган ханыңа, / Эс акылдуу карыңа, / Эп келсе кебим баарыңа, / Кыргыздан алган олжолоп, / Эсебин тапкын мал канча? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…птүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал көрүндү өзөндөн, / Айдама кошуун канча миң, / Кол көрүндү өзөндөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элөөрүп элди башкарып, / Эмгекке салып кырылтып, / Антип жүрүш ал кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чач… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →