башка
- Бөлөк, өзгө.
- Айырмасы бар, айырмалуу, өзгөчөлүгү бар. Жумуру баш адамдын Башка-башка өнөрү (Токтогул).
- Бөтөнчө, өзгөчө, айрыкча, артык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжа башка, билек бир, / Ушак айтпа аркадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сурады каалап сур тайды, / Албады андан башкамды, / Сурап жатып тайды алып, / Эмеле Жакып аттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан башка дагы бир аял жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →