башбакта

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Баш багып кароо.
  2. Учу, чети чыгып туруу, кылтыйып көрүнүү Апасынын аркасына далдаланып, ийинден башбактаган чычканча башын кылтыйтып карап коёт (Каимов), Кечикпей эле тоонун туш-туш тарабынан, булуттар башбактай баштады (Каимов).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сом темирин артынып: / — Шапырак сөзүн айтты, — деп, / Жаныма жаман батты, — деп, / Каны мунун тартты, — деп, / Сабырым бойдон качты, — деп, / Ачуусу келип калчылдап, / Бүткөн бойу солкулдап, / Каары жүзгө төгүлүп, / Башбактап түктөр көрүнүп, / Токтоно албай ашыгып, / Топтон чыкты бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ободо жылдыз жылыштап, / Айдагандай башбактап, / Чыгыш жактан азайып, / Суйулуп жылдыз баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →