баш-аягы

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Бардыгы, бар болгону, толугу менен, бир учунан бир учуна чейин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көчтүн баш-аягына көз жетип болбойт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мунун баш-аягы жакшы жүргөндө сегиз күндүк жол дейт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Базарга түшкөн малды сынап жаткандай менин баш-аягыма айландырып карап алып, ийинимден жогору көтөрүп, тартып коюп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Үсөн туруп чынар теректен кыркып, баш-аягын кесип минет да: Шатырадолуга жеткир! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →