бачымда

китептерде 25 жолу, 5 китепте
  1. Тездөө, ылдамдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жаңылап пери балбанын, / Көтөртүп ага бачымдап, / Күйдаң менен Татылды, / Кууп кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болжолуң болсун тогуз күн, / Даяр болгун ушул күн, / Бачымдап бар кошуңа, / Ачкадан өлө көрбөгүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Бирмыскалдын бачымдап, / Күчөп калды толгоосу, / Тоо бөксөрүп күн түшө, / Бирмыскалды Каныкей, / Аман-эсен төрөттү, / Жерге жарык бүт түшө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жабырап айтып барыптыр, / Жалдырап туруп Канчоро, / Буларды айтып калыптыр: / — Эки – үчөөң бачымдап, / Элге жете баргыла, / Четинен кармап иттерден, / Толук кабар алгыла, / Кечикпей келе калгыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кеткенин көрүп көп элдин, / Ачуусу келди күркүрөп, / Төтө мырза дегендин, / — Абыке менен Байтерек, / Бачымдата жөнөгүн, / Түшкүнүнчө камчынын, / Бир кишиге алдырбай, / Жүктөтүп алып келгиниң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →