батыш1
- Горизонттун күн көрүнбөй батчу жагы, дүйнөнүн күн батыш бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күнөөкөр болуп элимден, / Качып жүрүп жай алгам, / Күн батыштын элинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Батыштан келбейт бул жерге, / Орус хан бизге бир эле, / Мадыкүлдүн Сартбайы, / Тайторуну суратса, / Сейитек бербей койду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жаркылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →