батыра
- Батыр-бутур этүү, батырбатыр эткен дабыш чыгуу.
- Көп санда болуу, опурап-топураган абалда болуу, жайноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
уратып, / Талкалап ташты кулатып, / Сом темирчен немеси, / Кең көрүнөт дененси, / Узундугу үч кулач, / Он эки кыр темирде, / Жерге муштап жиберсе, / Уңгусунан батырат, / Жерден тартып аларда, / Жерди бузуп бакырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качырайын оорагын, / Өпкөсүнө батырам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тил албасаң, бара бер, / Барыңарды батырат, / Боору жазы кара жер, / Ээленбей, Жамгыр, жөн тургун, / Бул нөөмөттү мага бер, / Калдуубет элге каранмын, / Кардын жарып от алып, / Жара сайып келейин, / Мен-менсинген баланын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Талкандуу кашык келип, колубузга тийгенде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →