батын

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Жашыруун сырды көрө билүү, же ички дүйнө, жашыруун сырга ээ болуу – көзү ачыктык.
  2. өт. Көрөгөч, акылман, байкагыч, сезгич.
  3. Кайра тартпаган, өтүмдүүлүгүн көрсөткөн мамиле жасоо, тартынбоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…га калды илиниип, / Мен-мен деген жедигер, / Как боорунан тилинип, / Жалгызектин Бактыбай, / Баатырлыгы билинип, / Жедигердин Каракөз, / Бактыбайга кездешип, / Батынып найза сала албай, / Айбатынан аптыгып, / Бута атым жакын бара албай, / Байкап көрсө кошуунун, / Туу кармаган зорунан, / Миң кишинин чоңунан, / Алты киши жок ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ирак менен Иранда, / Орун жок эми буларда, / Баш кишисин билбесем, / Күн чыгышка барарга, / Күллү жердин бетинде, / Батынар бенде калбады, / Саргарып жүрүп ар кайда, / Сары- санаа болгунча, / Манастын кыргыз журтуна, / Түз барайын Таласка, / Катышып көрүп четинен, / Алым келбей бара… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Моңгул менен тең турган, / Маңгыт деген бирөө бар, / Маңгыттын эли азыраак, / Маңгыттардын чоңу эле, / Бадыкөл деген кысталак, / Байракты кармап кол баштап, / Батышка Чыңгыш барганда, / Батынып чеңгел салганда, / Колдун жүргөн алдында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ А деген үнүн жыйа албай, / Аккан жашын тыйа албай, / Семетей өлдү дегенге, / Батынып оозу баралбай, / Сетертай айтты мамындай: / — Акылман эне Каныкей, / Олуйа Бакай карыбыз, / Айдай жеңе Айчүрөк, / Чогултуштук баарыбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →