батман
- тар. Оордук өлчөм. Болжол менен төрт пуддан он алты пудга чейин оордук чен.
- өт. Көп жана салмагы чоң, зор.
- Эки тешеге жакын келген жер өлчөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтымыш батман Ашкатең, / Бул чочконун колунда, / Чойун башы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Томолок таштан чогултуп, / Алтымыш батман таш шыкап, / Туруп бербей кыргызга, / Аралап киргин койгулап, / Асмандатып ыргытпай, / Тизеге болжоп чойгула.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ри энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Кач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Салтанаттуу чоң Калча, / Минген аты Көкала, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Ысык кумдун жалынча, / Салкыны сырттын желиндей, / Кебелбейт эле чоң Калча, / Сайышаар жоодон эринбей, / Көтөргөн чокмор жүз батман, / Жолуккандан жан алган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →