баткал
- Тоолуу жердеги ойдун, кабак, айылдын боз үйлөрүн тигүүгө ыңгайлуу ыктоолуу кеңири түз жер.
- Эки-үч суунун куюлушундагы жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогуу туруп үч урук, / Чокчоңдодук урушуп, / Соот-тонду жыртышып, / Найзанын учун түйрүлтүп, / Балтанын сыртын баткалап, / Кылычтын мизин кетилтип, / Ат олоңун бекитип, / Айанбай салдык урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап, / Сайа түшүп изин кууп, / Сапырылтып жөнөдү, / Башка жакка бурулбай, / Таласты карай беттеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →