батка

китептерде 40 жолу, 8 китепте
  1. Чымчык чокуган.
  2. Жыгачта, темирде чегилген орнамент.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…й, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / Саранжанын кошууну, / Тең жарымы кырылып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Калмактын калкы башталды, / Туш-тарапка качканга, / Асылбача ошондо, / Дүрбү салып караса, / Төрткөлдүн төмөн жагында / Калдайган кара кошуун бар, / “Эмне ш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Сүзүлүп таң бозоруп, / Супа салган чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даарат алып ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желжетпес деген аты бар, / Өзү жалгыз келаткан, / Эл алдында чамынып, / Бөркүнө жакут тагынып, / Күн батканда жакут таш, / Күндүзгүдөй жарып, / Келе жатып Куйалы, / Чүрөккө калды кабылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кызыл буурул минген ат, / Тизеден жерге батканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →