батек
- Бут кийимдин таманына ич жагынан төшөлүп салынуучу кийиз же башка материал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросондун Дабытай, / Калгандарды бачагар, / Батегине албастан: / — Сарыгер минген атың бар, / Сайышчуудай салтың бар, / Кененим өлүп сойлоду, / Эми кыргыз кимиң бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Санкору менен кайгоолу, / Тийген жери заарлуу, / Кокустан келип кабылса, / Коркуп кетип шашылба, / Ат ичмегин алыңар, / Аны отко салыңар, / Эр батегин алыңар, / Эптеп отко салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башындагы чачынан, / Таманынан батекти, / Такыр тинтип карады, / Керимбайдын көзүнчө, / Суучулун кошуп өзүнүн, / Беш шордууну кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ортосунан батектин, / Катты сууруп алды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биз чокоюбузду чечип, батекбайпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →