батан

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Ата журт, ата конуш.
  2. өт. түш. Турак үй, короо-жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак жолтой ата, батаң бер, / Аттанып жолго салайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Батаңды бергин, баары журт, / Арбагына айкөлдүн, / Алакан жайып кол ачам, / Айыгышкан иттердин, / Агызып канын мен чачам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…олго саларбыз, / Тайсалдабай талаада, / Айалдабай барарбыз, / Алтыке деген киши экен, / Карманаптан келгени, / Бадыкөлүн маңгыттын, / Башкача мактап жиберди, / Батаңды бер балаңа, / Бастырып бачым жүрөлү, / Бай Жакып айтат ошондо: / — Барбагын деп турушуң, / Байкасаң кыйын жумушуң, / Барамын деп ээленип, / Бузбайын сөзүн уулу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Минерим болсун, Телкүрөң, / Ак көөнүң менен батаң бер, / Ай ааламды коркуткан, / Ал доңузга мен барам, / Ойум менен мен тийем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ «О дүйнө кеткен атам деп, / Атакемдин арбагы, / Тийсин мага батаң деп, / Айтар кебин сыйла» — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →