бата
- Курандын бет ачар биринчи сүрөөсү.
- Кандайдыр бир иштин башталышына, аякталышына байланыштуу же жалпы эле ак жол айтуу максатында алаканын жая жакшы тилегин билдирүү расмиси.
- Дүйнөдөн кайткан адамга арнап, же үйүнө барып куран окуу.
- Актилек, алкыш, жакшылык каалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Индистан барсам батамбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деп шаңдана, / Кол көтөрдү Абдылда, / Бай Жакып баштап карысы, / Бата кылды баарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Билип баатыр, иш кылсаң, / Кубанычка батамын, / Билбей кокус иш кылсаң, / Билбедим деп айтпаймын, / Бар билгини сен алгын, / Сейитек болсун каралдың, / Жайын айтып угузгун,, / Канчоро деген айбандын, / Атасы Чубак шер экен, / Атам менен тең экен, / Сен экөөбүз кептенип, / Бирге өскөн кеп экен...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →