бат4
- Бир нерсенин ичине сыюу, ичинен орун алуу, толуу.
- Матырыла кирип кетүү, сайылуу.
- Горизонттун арка жагына өтүү, асмандан көрүнбөй калуу (күнгө, айга, жылдыздарга карата).
- Тайманбоо, кайрат көрсөтүү, даай алуу.
- өт. Бөлөнүү, чөмүлүү.
- Малынуу, дуушар болуу.
- өт. Өз кишидей алынуу, четтеп калбоо, баш калка таап калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кудуска барсам батырбайт, / Бир күнү менижашырбайт, / Багдатка барсам батпасам, / Мисирге кирсем кондурбайт, / Дегеле мени оңдурбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…убайдын Кара дөө, / Карсылдашып көрдү, де, / Ар канча кылса кайратты, / Тоготпой аны койду, де, / Чапса кылыч кеспеген, / Сайса найза тешпеген, / Балтанын мизи батпаган, / Чокмордун күчү жетпеген, / Денеси бекем таштан, де.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →