басырык

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Шамал болгондо түндүктү каккан казыкка байлап коюучу жип.
  2. Албарсты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Ал дүйнөгө жиберди, / Чынарды күүлөп алганда, / Күүсү менен эчен ат, / Тоголонуп жыгылып, / Үстүндөгү кишинин, / Топого башы тыгылып, / Эңиш жерге киргени, / Басырык болуп кырылып, / Жайнай качып көпчүлүк, / Жабыла жөнөп калганы, / Майторуга камчы уруп, / Асыл кирип барганы, / Жандай түшүп Кененим, / Баласын кармап алганы, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ачып, / Койондон бетер кодоңдоп, / Башы жок дени тулуйуп, / Бүткөн бой канга жуурулуп, / Жаткан өлүк андан көп; / Аты тирүү, өзү өлүп, / Өзү тирүү, аты өлүп, / Басырык болгон сандан көп; / Ичегиси иймелип, / Учу жерге сүйрөлүп, / Баратканы мындан көп; / Канча түргө бөлүнүп, / Өлгөн өлүк андан көп, / Ошенетип баратып, / Кызыл … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Басырык болгон кой кандай, / Боолап салган чөп кандай, / Оң-тескери жуушатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттанып аскер алыптыр, / Аттанбай Кокон калыптыр, / Аттанбаган себебин, / Алакең сурай салыптыр, / Басырык болуп миң чалыш, / Түндө өлүп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →