басын
- Өзүн өзү башкалардан төмөн сезген абалда болуу, кемсинүү, чүнчүп жүдөө, корунуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барарга жерди табалбай, / Каңгайга эми баталбай, / Катышып койуп кыргызга, / Чигитей келсе кантем, деп, / Уктап үйдө жаталбай, / Кейпи кетип,өңү азып, / Күндөн-күнгө муң басып, / Басынып Отор болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абакеңдин бел жели, / Ороңгу калмак мыкчыса, / Сүйгөндөй болуп бир жери, / Кырчылдагы басылып, / Абаңдын жарпы жазылып, / Мемирек кирип денеге, / Уйкусу келип басынып, / Ар канча бардап тиктесе, / Көзү кетпейт ачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байракты көрүп сайылуу, / Бакырып Ойрот ачуулуу, / Баатырларын басынып, / Көп аскерин сапырып, / Жалгыз бала турганга, / Жаны айабай ачынып, / Каарданып камыгып, / Коркконунан көп аскер, / Атка минди жабылып, / Короодон чыккан кой окшош, / Жер бетине жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →