басым
- Нерсенин үстүңкү бетине аракет кылуучу күчтүн ошол беттин аянтына болгон катышы аркылуу өлчөлүүчү чоңдук, кысым.
- Бир нерсенин экинчи нерсеге караганда көптүгү, артыкчылыгы, басымдуулугу.
- Упай оюнунда атып алынган чүкөлөрдүн ойноп жаткан кишиге өтүүчү үч чүкөдөн турган тобу.
- Сөздүн составындагы муундун өзгөчө күч менен айтылышы, ошол муундагы ундүүнүн башкаларга караганда көтөрүңкү үн менен айтылышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Индистан кетти Отор, деп, / Алты катын жүргүн, деп, / Алты күндүк барганда, / Күндө бирден силерге, / Басымдарлык кылам, деп, / Келинжырды алам, деп, / Айбыкпай айтты кара жүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Булчуң этин кечпеди, / Бармак басым кеспеди, / Кичине жерден чек чыгып, / Алмаңдын этин тешпеди, / Бычак менен канжары, / Калды жерде жалтырап, / Бет алып жүрдү эшикке, / Эр Алмамбет буластап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Даарат алып жатканда, / Алдынан өттү бир балык, / Канатынын үстүндө, / Карала сыйа каты бар, / Как төбөнүн үстүндө, / Бармак басым жеринде, / Алтындан сырмак меңи бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тынымкан катып ор казып, / Кыз-келинди көп катып, / Басымчылык ишинен, / Келин-кызды кутказып, / Карыларын уктатып, / Абыке менен Байтерек, / Арты-артынан жумшатып, / Кабар кылган киши бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Сары мүйүз кулжадан, / Көк чаарынан аркардын, / Эки жылы туу калган, / Куу мүйүз болгон текеден, / Бармак басым чыккыдай, / Кармап сойсо чекеден, / Өзөндө жаткан курунан, / Он эки айры бугудан, / Тоо эчкинин сурунан, / Аралашып айдашып, / Кулжа жатчу кумунан, / Тоо кийик…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →