басыл
- Кадыр-барк, абийир; сонундук, мыктылык.
- Жакшылык, жумшак мамиле, ырайым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Таластан ичкен туздарын, / Актаганын билсин, — деп, / Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жанжүң менен Дуудусту, / Чытыр-мытыр Доотайы, / Чытыраган кытайы, / Көпчүлүктүн басылбайт, / Ойун-күлкү чуу-чуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитиге кызыл лөк, / Кирип келди жакындап, / Жазганбаган эр Сейит, / Коргошун жүрөк шер Сейит, / Козголуп койбой кебелип, / Тапан хандын элдери, / Ооруганы басылып, / Оңолгонсуп белдери: / — Атаны кайран кызыл лөк, / Адамдай мында өнөр көп, / Аты менен Сейитти, / Өңгөчөктөп жыгат, деп / Топого башын тыгат, деп / Чойтолоң …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал кеткенден кийин, Кызыл аттын күйүтү көпкө басылбай, Элебес адатындай кулак-мээнии жеп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →