бастырма
- Астына мал байлоочу же отун, майда-барат нерселерди коюучу бир тарабы ачык сере.
- Бастырык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алып келип кагазын, / Мадыбекке беришти, / Мадыбек алып кагазын, / Чигитейге окутуп, / Бастырмак болду жаш баатыр, / Баарысын сырттан коркутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып эсиркеп, / Накылай анда мындай дейт: / — Байбичеден баш булгап, / Бастырмагы кыйын кеп, / Баштагысы бир жөндүү, / Маа жолобойт быйыл, — дейт, / Бастырып андан кеткени, / Карабөрктүн үйүнө, / Хан Алмамбет жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ачуудан Манас буулугуп, / Токтоно албай соолугуп, / Бейжинге кире барам деп, / Бастырмак болду оолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык кабылан, / Бастырмак болду абдан, / Кам кечесин бүтүрүп, / Аттарынын баарысын, / Куйундай кылып түйүлтүп, / Алты сан аргын көп алач, / Булардан чыкты бөлүнүп, / Сурнай үнү бек чыгып, / Добулбасын карс уруп, / Доолбасын карс уруп, / Ак асаба кызыл туу, / Айгайлаган ызы-чуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атка минген Семетей, / Кайра түшүп калалбай, / Бастырмак болуп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →