бастек2
- Кичине бойлуу, жапыз, жапалдаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– / Угуп муну молдолор, / Олуйа чал ороңдоп, / Бастек бойлуу неме экен, / Корс-корс этип кодоңдоп: / — Кайда барсаң, анда бар, / Кайда эле болсо биз үчүн, / Камдалуу дүйнө дапдайар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
кеженей, / Чолок ээк неме экен, / Суу итиндей дултулдап, / Найзасын алып тап берип, / Качырып кирди жултуңдап, / Эки ууртунан куйулуп, / Шилекейи буртулдап, / Бастек бойлуу неме экен, / Жер кодолдой култулдап, / Мурду көөп барпайып, / Тай букадай чандайып, / Жаалысы чыгып жүзүнө, / Жан алчудай каарданып, / Куу чаар болуп бе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бастек бойлуу, керк беттүү, / Жай турганда мүнөзү, / Жер чапчып топо жамынган, / Топоз бука келбетүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →