басташ
- Теңтайлашуу, өзүн тең, барабар, бир катарга коюуга аракет кылуу, эрегишүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ктууну, / Чойунбашка шыктууну, / Күрөшсө онду жыкчууну, / Жебени жаага кергенди, / Атканын жазбас мергенди, / Беттешкенин жеңгенди, / Колунан жумуш келгенди, / Басташканын алганды, / Жеңишке чыккан чанданды, / Чалкасынан салганды, / Кең көкүрөк кууш айак, / Балбан болчу балдарды, / Мындайды элден ылгады, / Санап туруп миңди алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чама келип, чарк жетпей, / Бала кезден бер жакка, / Бадырек Отор ит менен, / Басташкансып келатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Байлоодогу балбандар, / Басташкан элди жаргандан, / Экөө келип капташты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейит менен басташып, / Кыргыз менен касташып, / Таламын элдин талашып, / Ач кыйкырык – куу сүрөөн, / Кызыл кан аккан кыргында, / Акылыман азбадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Батыштын эли басташты, / Баш көтөргөн немеси, / Жер кучактап таш капты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →