басса-турса
- Дайыма, ар дайым, такай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Улугум Отор эр менен, / Олтурса бирге олтурам, / Басса-турса бир турам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чоң Ополдун бойунда, / Кайберенди түгөтүп, / Адыр, сайда жандар жок, / Бүркүттүн алы келгендей, / Мыдырар жандар калбаптыр, / Канча жылы салыптыр, / Олуйа чалда арман жок, / Келгенин айтса Кененим, / Кебине кулак салган жок, / Жаткан жерде бир жатты, / Копкон жерде бир копту, / Басса-турса бир болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көөдөк Чубак эр эле, / Басса-турса бир болуп, / Манас менен тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле "арман ай" деп жүрчү экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →