басмайыл

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Токулган ээр-токумдун үстүнөн бастыра алып унаанын боорунан өйдө тартылып байлануучу кайыш, тасма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сур жорго кармап токуду, / Тердигин салып, эр артып, / Басмайылын тартарда, / (Карап койуп туруучу) / Күмбөздүн арка жагында, / Кишинеген тору аттын, / Кулакка үнү угулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тогуз ай өтүп, күн жетип, / Төрөөр мезгил келиптир, / Басмайыл артуу дегенге, / Барып Шууту жетиптир, / Кош ат менен чабарман, / Каныкейге кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тартылуу, / Ат жабдыгы баатырдын, / Ай-ааламдан артылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйыгына калбайлы” / Деп ойлонуп бул экөө, / Желбестен жорго ылгашып, / Ат жабдыгын кылдашып, / Манаптан кылган көрпөчө, / Бүктөп туруп салдырып, / Кош басмайыл тарттырып, / Бакайга башка кармашып, / Айчүрөктөн корккондон, / Баары турду жардашып, / Кулдардын көрүп чамасын, / Билип болду Айчүрөк, / Абалын анын чакташып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тарттырып, / Бош агытып Буурулду, / Калмактарча жасанып, / Канчоро менен Гүлчоро, / Алдына кирди бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →