баса
- Эске түшө калган ойду, сөздү кошо кыстара кетүү, кошо баяндоо учурунда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимдин айтканы: / — Бөөрү-жору болот деп, / Көзгө басар малына, / Күлүк аттын жалына, / Кыргыздар байлайт айбаалы, / Айбаалысың сен дагы, / Жер менен жексен кыламын, / Сендей нечен айбанды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Нечен күңү бар экен, / Семизинен баса албай, / Май соорусу чайкалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келе жатып талаада, / Удургуп айыл калганда, / Коркконун элдин билгени, / Музой Калча үйүнө, / Жалгызек баса түштү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →