барылда
- Орунсуз барк-барк этип сүйлөө, баркыраган дабыш чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Минген атын булкунтуп, / Найзаны кармап зыңкыйтып, / Барылдап Балта бакырып, / Манастап ураан чакырып, / Тоодой Салап калмакка, / Токтобой тийди жапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айкөл минген Айманбоз, / Эки көзү чекчейип, / Карды көөп некчейип, / Жал-куйругу жайылып, / Токуму сууга малынып, / Түртүп койсо барылдап, / Тартып койсо Коңурбай, / Бери келет шарылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Курун салып мойнуна, / Бата берип барылдап, / Бала жолборс Семетей, / Турганда минтип бакылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →