барча2
- диал. Бүт, бүткүл, бардык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балага келип сайганда, / Сайганын баатыр туйбады, / Отуз барча найзасы, / Каршы-терши кыйрады, / Асманды көздөй зыркырап, / Учуп жатат сынганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чоң мунардай бойу бар, / Бир чынардай колу бар, / Кайнаган эки көзү бар, / Кырчак тоодой мурду бар, / Боз талаадай бети бар, / Турушу барча бир дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылды канчасы, / Айбат кылды мынчасы, / Ушаланып жоголду, / Упурак болуп барчасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →