барсылдак

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Барс эткен, барсылдаган дабыш, үстү-үстүнө барсылдаган, күрсүлдөгөн дабыш.
  2. Барсайып, ыйлаактанып чыгуучу жарасы бар оору.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тунган карсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…арлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / — Эми кайда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Асман жарган, тарсылдак, / Алай-дүлөй барсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Талаада берип меңсепти, / Таштап койуп аларды, / Бастырып баатыр эр кетти: / — Барганың менен мени ээрчип, / Баатырлык уруш башталат, / Алай-дүлөй карсылдак, / Бака-шака тарсылдак, / Чака-чука барсылдак, / Баралбайсың ал жерге, / Баш калкалап мында жат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →