барсылда

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Барс-барс эткен дабыш чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тунган карсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…к, / Эрден чыккан бакырык, / Ат дабырты тапылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Сүр көрсөтүп түнүндө, / Калыбектин аскери, / Мылтык атып тарсылдап, / Алай-дүлөй - барсылдап, / Жер жарылып таш кулап, / Агып суулар шаркырап, / Боздоп учат аткан ок, / Жердин бети кызыл чок, / Кылымда мындай болгон жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бараңдын үнү барсылдап, / Таштар кулап дүпүлдөп, / Көл чайпалып дүркүрөп, / Коргонду ала койсок, деп, / Коросон, испан күпүлдөп, / Боз мунарык кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…р, / Ортого алды мынчасы, / Арстан бөлчүү барчасы, / Затайдын айткан кебинин, / Салмагын элим байкачы: / — Башыңды тартпай көгөрүп, / Баатырсып найза өңөрүп, / Барсылдаша кетпеңер, / Доолбас уруп, жоо салып, / Карсылдаша кетпеңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балтачандар барышты, / Барсылдатып чабышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →