барсканчы

китептерде 3 жолу
  1. Барскан чабуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төкөр уста Бөлөкбай, / Эки киши барсканчы, / Көк өгүзгө кош артып, / Дүкөнүн ага кошо артып, / Белине аркан-жип тартып, / Көрүндү Жамгыр көзүнө, / Үч айдан артык болуптур, / Багдаттан чыгып жол тартып, / Келүүчүнүн баарысы, / Атынын башын оң тартып, / Барайын деп ойлоду, / Астынан эми жол чалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →